Salyk.kg мобилдик тиркемесинин купуялуулук саясаты
1. Жалпы жоболор
1) Ушул купуялуулук саясаты (мындан ары – Саясат) Кыргыз
Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамынын 4-
беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан
жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары – Кармоочу/Иштеп чыгуучу)
тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун укуктук жана
уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2) Ушул Саясат жеке маалыматтар субъектисинин жеке
маалыматтарын иштеп чыгууда анын укуктарын жана эркиндиктерин
коргоону камсыз кылууга багытталган жана автоматташтырылган режимде да,
ансыз да Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлүүчү бардык жеке
маалыматтар операцияларына жайылтылат.
3) жеке маалыматтар субъекттеринин негизги укуктары жана
милдеттери:
a) жеке маалыматтар субъекттери төмөнкүлөргө укукту:
− Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан иштелүүчү алардын жеке
маалыматтары жөнүндө толук маалыматты алууга;
− Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө"
Мыйзамында каралган учурлардан тышкары, алардын жеке маалыматтарын
камтыган ар кандай жазуулардын көчүрмөсүн алуу укугун кошкондо, алардын
жеке маалыматтарын алууга;
− эгерде жеке маалыматтар толук эмес, эскирген, так эмес,
мыйзамсыз алынган же билдирилген иштетүү максаты үчүн зарыл болбогон
учурларда алардын жеке маалыматтарын тактоого, аларга бөгөт коюуга же жок
кылууга милдеттүү;
− укуктарын коргоо боюнча мыйзамда каралган чараларды көрүүгө,
анын ичинде жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органга кайрылууга;
− Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка
укуктарды жүзөгө ашырууга.
b) жеке маалыматтар субъекттери төмөнкүлөргө милдетүү:
− Кармоочу/Иштеп чыгуучуга өзү жөнүндө ишенимдүү
маалыматтарды гана берүү;
− иштеп чыгуу максатында зарыл болгон көлөмдө жеке
маалыматтарды камтыган документтерди берүүгө;
− жеке маалыматтарын тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү) жөнүндө
Кармоочуга/Иштеп чыгуучуга билдирүүгө.
4) Кармоочунун /Иштеп чыгуучунун негизги укуктары жана
милдеттери.
a) Кармоочу/Иштеп чыгуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
− жеке маалыматтар субъектиден ишенимдүү маалыматтарды
жана/же жеке маалыматтарды камтыган документтерди алууга;
− субъект берген жеке маалыматтарды тактоого;
− Кармоочунун/Иштеп чыгуучунун функцияларын аткаруунун
алкагында башка булактардан пайдалануучунун жеке маалыматтарын алууга.
b) Кармоочу/Иштеп чыгуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
− Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө"
Мыйзамында белгиленген тартипте жеке маалыматтарды иштеп чыгууга;
− жеке маалыматтарды иштеп чыгуу маселелери боюнча жеке
маалыматтар субъектисинин кайрылууларын кароого жана арыз берилген
учурдан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө жооп берүүгө;
− жеке маалыматтар субъектине анын жеке маалыматтарына акысыз
кирүү мүмкүндүгүн берүү;
− жеке маалыматтар субъектинин кайрылуусуна байланыштуу жеке
маалыматтарды актуалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө;
− Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык
жеке маалыматтарды коргоону уюштурууга.
5) Кармоочу/иштеп чыгуучу жеке маалыматтар субъекти
коммуникацияда берген жеке маалыматтарды ушул Саясатка жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар кандай формада чогултат,
пайдаланат жана коргойт.
2. Жеке маалыматтарды иштетүү категориялары жана көлөмү, жеке
маалыматтар субъекттеринин категориялары
6) Кармоочу/Иштеп чыгуучу төмөнкү жеке маалымат
субъекттеринин жеке маалыматтарын иштеп чыгат: - Salyk.kg мобилдик
тиркемени пайдалануучу
7) Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан иштетилүүчү жеке
маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
− толук аты-жөнү;
− туулган күнү;
− сүрөтү;
− дареги;
− паспортук маалыматтар (паспорттун сериясы, номери, ким
тарабынан жана качан берилген);
− cookie файлы;
− электрондук почта;
− телефон номери;
− кыймылдуу/кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат;
− кирешелер жөнүндө маалымат.
8) Кармоочу иштетилип жаткан жеке маалыматтардын мазмунунун
жана көлөмүнүн иштеп чыгуунун билдирилген максаттарына шайкештигин
камсыз кылат жана зарыл болгон учурда иштетүүнүн билдирилген
максаттарына карата алардын ашыгын жоюу боюнча чараларды көрөт.
9) расалык же этностук теги, улуттук таандыктыгы, саясий, диний же
философиялык көз караштары, ошондой эле ден соолугунун абалына жана
интимдик жашоосуна тиешелүү жеке маалыматтардын атайын категорияларын
иштеп чыгуу Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесине так ылайык
ишке ашырылбайт/ишке ашырылат.
10) жеке маалыматтардын тизмектери жана жеке маалыматтар
субъекттеринин категориялары ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү милдеттүү
түрдө бекитүү жана жеке маалыматтар субъекттерине ар кандай жеткиликтүү
ыкма менен (расмий сайт, кулактандыруу, пуш-билдирүү, электрондук почтага
билдирүү жөнөтүү ж.б.) кабарлоо менен Кармоочу тарабынан кайра каралышы
мүмкүн.
3. Жеке маалыматтарды чогултуунун максаттары
11) жеке маалыматтар Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан төмөнкү
алдын ала аныкталган жана мыйзамдуу максаттарда иштелип чыгат:
− электрондук каттарды жөнөтүү аркылуу Пайдалануучуга
маалымат берүү;
− жарандык-укуктук келишимдерди түзүү, аткаруу жана токтотуу;
− Пайдалануучуга веб-сайтта камтылган сервистерге,
маалыматтарга жана/же материалдарга кирүү мүмкүнчүлгүн берүү.
4. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун укуктук негиздери
12) Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жеке маалыматтарды иштеп
чыгуусунун укуктук негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
− Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
− Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
− Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
− Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө"
Мыйзамы;
− Кармоочунун/иштеп чыгуучунун уставдык документтери;
− Кармоочу/Иштеп чыгуучу жана жеке маалыматтар
субъектилеринин ортосунда түзүлүүчү келишимдер;
− жеке маалыматтар субъектилеринин жеке маалыматтарын иштеп
чыгууга макулдугу;
− Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди
легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам.
5. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу тартиби жана шарттары
13) Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жеке маалыматтарды иштеп
чыгуу төмөнкү ыкмалар менен жүргүзүлөт:
− Аралаш
14) Кармоочу/иштеп чыгуучу тарабынан жеке маалыматтарды иштеп
чыгуу жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу,
топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык
каражаттар менен же автоматтык каражатсыз ыкмаларга карабастан
аткарылуучу ар кандай операцияларды же операциялардын топтомун камтыйт.
15) жеке маалыматтарды иштеп чыгуу макулдуксуз жүргүзүлүшү
мүмкүн болгон мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, жеке
маалыматтардын субъектисинин макулдугун (мындан ары - Макулдук) алган
шартта Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
16) жеке маалыматтар субъекти жеке маалыматтарды Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга менен кол
коюлган электрондук документ түрүндө берет.
17) жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаттарына жетүү, жеке
маалыматтарды актуалдаштыруу, ошондой эле жеке маалыматтарды
мыйзамсыз иштетүүнү аныктоо жеке маалыматтарды иштеп чыгууну
токтотуунун шарты болушу мүмкүн.
18) Кармоочу/Иштеп чыгуучу жеке маалыматтарды иштеп чыгууда
жеке маалыматтарды мыйзамсыз же кокусунан аларга кирүүдөн, жок
кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөт коюудан, көчүрүүдөн, берүүдөн, жайылтуудан,
ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттерден
коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык
чараларды кабыл алат же кабыл алууну камсыз кылат.
19) жеке маалыматтар аларды чогултуу максаттарын аткаруу үчүн
зарыл болгондон узак сакталбашы керек. Сактоо мөөнөтү жеке маалыматтар
субъектинин кызыкчылыгында гана же эгерде бул Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган болсо узартылышы мүмкүн.
6. Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу, оңдоо, өчүрүү жана жок
кылуу, жеке маалыматтар субъекттеринин жеке маалыматтарга
кирүү боюнча суроо-талаптарына жооп берүү
20) жеке маалыматтардын анык эместигинин же аларды иштеп
чыгуунун мыйзамга ылайыксыздык фактысы ырасталган учурда мындай жеке
маалыматтарды Кармоочунун/Иштеп чыгуучунун чогултуусунун,
сактоосунун жана иштеп чыгуусунун мыйзамдуулугуна жараша жеке
маалыматтар актуалдаштырылууга, бөгөт коюулуга же жок кылынууга тийиш,
же аларды иштеп чыгуу тиешелүү түрдө токтотулууга тийиш.
21) жеке маалыматтардын анык эместиги же аларды иштеп чыгуунун
мыйзамга ылайыксыздык фактылары боюнча жеке маалыматтар субъекти
түздөн-түз Кармоочунун дарегине же жеке маалыматтар боюнча ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
6. Корутунду жоболор
22) ушул Саясатта чагылдырылбаган жеке маалыматтарды иштеп
чыгууга тиешелүү бардык мамилелер Кыргыз Республикасынын "Жеке
мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамынын жоболоруна ылайык жөнгө
салынат.
23) Кармоочу/Иштеп чыгуучу ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү
киргизүүгө укуктуу. Колдонуудагы редакцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө
акыркы жаңыртуунун датасы көрсөтүлөт. Саясаттын жаңы редакциясы
Саясаттын жаңы редакциясы жарыяланган датага чейин 14 жумушчу күндөн
кем эмес убакытта пландалып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө милдеттүү түрдө
алдын ала жарыялоо шарты менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн аны эркин
колдонууга киргизген учурдан тартып күчүнө кирет